Салык кызматы 4 миңден ашык куту аткезчилик тамекини тартып алды

Салык кызматы 4 миңден ашык куту аткезчилик тамекини тартып алды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» жана «Орто-Сай» базарларынан жана Чүй облусунун Аламүдүн районунан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрүн аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 4 миң 360 куту тамеки (Keno, Fast, Manchester, Mond, Oris, Keno, Prezident, Capital, King) тартып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган продукциялар өлкөнүн аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.

Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматы тамеки продукциясын саткан ишкерлерди мындан ары акциздик маркаларсыз тамеки буюмдарын сатып алуудан баш тартууга чакырат.

Ошондой эле жарандардан контрафакттык же жасалма тамеки, ошондой эле акциздик маркаларсыз же жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны байкаган учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 номери же (0 312) 66-39-25 номери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>