УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Эртең Ош шаарында таза суу өчүрүлөт
01.05.2023 | 18:21
Эртең, 2-майда Ош шаарында саат 0.00дөн 24.00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын алкагында суу түтүгүн борбордук тармакка туташтыруу жана оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.
“Манас-Ата” (ХБК), “Туран” аймактык кеңештеринде, “Достук” кичирайондорунда, “Калинин” массивинде өчүрүүлөр болбойт.
“Ош шаардык суу канал” ишканасы калктан алдын ала таза сууну камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом