Ош, Жалал-Абаддагы аэропорттордун ордуна кичирайондор салынат

Ош, Жалал-Абаддагы аэропорттордун ордуна кичирайондор салынат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыккан.

«Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот. Тилкелерди кароонун жүрүшүндө Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында эски аэропорттордун ордуларындагы аймакты комплекстүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи – заманбап турак жай кичирайондору курулат», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы «Ош» аэропортунун аймагынын аянты 168 га жана «Жалал-Абад» аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 га түзөт.

«Бул аймактарда курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет. Президент Садыр Жапаров эл аралык жарандык авиациянын бардык талаптарына жооп бере турган аэропортторду куруу боюнча даярдык иштерин күчөтүүнү тапшырып, бул туризмди өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин белгиледи», — деп айтылат маалыматта

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>