Эртең, 3-январьда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй аймагында абанын температурасы +8…+9, Таласта +7…+12, Ош, Жалал Абад жана Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8 градус жылуу болсо, Нарында -1…-6 градус суук болот.
Абанын температурасы борбор калаада +11…+13, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз