Видео: Тыныбекова башкы атаандашын акыркы 30 секундда жеңип, финалга чыкты

Видео: Тыныбекова башкы атаандашын акыркы 30 секундда жеңип, финалга чыкты

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Хорватиядагы Zagreb Open рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Тыныбекова алкачкы эки беттешинде америкалык жана кытайлык балбан кыздарды жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Тыныбекова бейтарап туунун алдында чыккан Алина Касабиева менен кез келди. Бул кармашта ал атаандашын 7:3 эсебинде жеңип, былтыркы жеңилүүсү үчүн реванш алды. Былтыр Poddubny Wrestling League-5 мелдешинде Тыныбекова Касабиевадан жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми жарым финалда япониялык Сакура Мотоки менен беттешти. Беттештин биринчи бөлүгүндө япониялык балбан кыз 3 упай алып, алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө акыркы 30 секунддун ичинде Тыныбекова жеңишти илип кетүүгө жетишти. Алгач ага атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн 1 упай берилди. Ошол учурда Тыныбекова ыкма жасап, 2 упай алды. Тыныбекова аракетин улантып, япониялык спортчунун далысын килемге басууга аракет кылып жатканда, убакыт аяктап, беттеш жыйынтыкталды. Эсеп 3:3 болду. Артыкчылыктуу упай Тыныбековада болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.

Сакура Мотоки Тыныбекованын бул мелдештеги башкы атаандашы эсептелген. Былтыр дүйнө биринчилигинде эки балбан финалда беттешип, Тыныбекова жеңүүчү болгон. Аны менен бирге үчүнчү ирет дүйнө чемпиону атанган.

Ошол эле учурда былтыркы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде Сакура Мотоки алтын байгенин ээси болгон.

Финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен беттешет.

Видео: Тыныбекова чейрек финалда реванш алды. Эми жарым финалда башкы атаандашы менен күрөшөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>