Турак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралууБорбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашууда
Сүйүнчү! Тыныбекова Хорватиядагы мелдештин алтын байгесин утту (видео)
13.01.2024 | 00:20
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Хорватияда өтүп жаткан эл аралык Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын байге тагынды.
Тыныбекова алкачкы эки беттешинде америкалык жана кытайлык балбан кыздарды жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда бейтарап туунун алдында чыккан Алина Касабиеваны утту.
Ал эми жарым финалда Тыныбекова бул мелдештеги башкы атаандашы япониялык Сакура Мотокиден күчтүү чыкты.
Алтын үчүн беттеште Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен күрөшүп, ага бир да упай бербестен 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)