Эсептөө палатасы: «Бишкек» ЭЭЧ дирекциясынын ишинде олуттуу кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы: «Бишкек» ЭЭЧ дирекциясынын ишинде олуттуу кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) башкы дирекциясынын 2023–2024-жылдардагы ишмердүүлүгүндө бир катар мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганын билдирди.

Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында бюджеттик төлөмдөр боюнча тартип бузуулар аныкталган. 2023-жылы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясы кирешеден жергиликтүү бюджетке 55,1 миң сом, республикалык бюджетке 110,2 миң сом чегерип төлөгөн. Бирок 2024-жыл үчүн тиешелүү 50,0 миң сом жана 100,0 миң сом чегерилгени менен, бүгүнкү күнгө чейин төлөнгөн эмес.

Ошондой эле текшерүүдө ижара келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жетишсиз деңгээлде экени белгилүү болгон. 2024-жылдын аягына карата 232 субъект менен имарат жана жер ижарасы боюнча келишимдер түзүлгөнү менен ижара акысынын убагында төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында дебитордук карыздардын жалпы суммасы 119,8 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 27,9 млн сом – мөөнөтү өтүп кеткен карыздар. Айып санкциялар жана туумдар өз учурунда эсептелген эмес, 2024-жылы болгону эки субъектке карата 230,4 миң сом суммасында туум колдонулган.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-декабрына карата Башкы дирекциянын балансында 63 бирдик транспорт каражаттары бар экени аныкталып, алардын бир бөлүгү (тракторлор, самосвалдар, автокрандар ж.б.) бузулган же колдонууга жараксыз абалда экени белгилен. Ошондой эле 13,9 млн сомдук эскирген жана керексиз негизги каражаттар боюнча инвентаризациянын негизинде чаралар көрүлбөй калган.

Эсептөө палатасынын маалыматында, аудит учурунда дебитордук карыздардын бир бөлүгү гана – 146,9 миң сом калыбына келтирилгенин, дагы 1,5 млн сомдук материалдар сотто кароодо турганын билдирди. Ал эми сот чечимдери менен өндүрүлө элек карыздардын жалпы суммасы 69,6 млн сомду түзөт.

Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясында эсепке алуу системасын автоматташтыруу, ижара келишимдерин башкаруу, каржылык көзөмөлдү күчөтүү, мыйзам бузгандарга карата туум жана айып санкцияларды өз убагында колдонуу боюнча бир катар сунуштарды берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>