Эсептөө палатасынын инспектору пара алууга шектелип кармалды. Мындан улам анын жетекчиси кызматтан кетти

05.08.2025 | 10:46

Эсептөө палатасынын инспектору Б.М.Ы. жана анын ортомчусу болгон Т.М.Ж. аттуу жаран пара алууга шектелип кармалышты. Мындан улам Эсептөө палатасынын аймактык бөлүм башчысы Азим Кожомуратов өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасынын аталган инспектору Тогуз-Торо районунун айыл өкмөттөрдүн биринде текшерүү жүргүзүү учурунда майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызматтын маалыматында, буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Ош шаарында жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөрүп, анда Эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратов кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы жок экендигин айткан. Аталган жыйында Азим Кожомуратов эгерде анын инспекторлору пара алганы аныкталса, анда жумуштан кетерин билдирген.

“Кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин Азим Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды”,- деп билдирди УКМК.

Scroll to Top