Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышуу үчүн Түркмөнстанга барды
05.08.2025 | 10:44

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине иш сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Касымалиев:
- Конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт;
- БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт;
- Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн лидерлеринин жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат;
- Ошондой эле конференциянын алкагында өтө турган “Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнө” арналган маданий иш-чараларга да катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат