Депутат эт сатуучулардан акча опузалоого шектелүүдө (видео)

27.07.2023 | 10:35

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери акча талап кылууга шектүүнү кармады. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл январь айынан баштап, Орто-Сай базарында бир жаран “Эт” бөлүмүнүн  башчысы болом, сатуучулар тапкан акчанын бир бөлүгүн бериши керек, болбосо соода орундарынан ажыратам деп коркутуп, акча алып жүргөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (акча опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран акча алып жатканда кармалды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты экендиги аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

“Шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок, такталбаган үлгүдөгү курал-жарактар жана акча каражаттары табылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды”, – деп билдиришти милициядан.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды 0500 151 111 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top