Депутат эт сатуучулардан акча опузалоого шектелүүдө (видео)

Депутат эт сатуучулардан акча опузалоого шектелүүдө (видео)

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери акча талап кылууга шектүүнү кармады. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-июль күнү милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл январь айынан баштап, Орто-Сай базарында бир жаран «Эт» бөлүмүнүн  башчысы болом, сатуучулар тапкан акчанын бир бөлүгүн бериши керек, болбосо соода орундарынан ажыратам деп коркутуп, акча алып жүргөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (акча опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран акча алып жатканда кармалды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок, такталбаган үлгүдөгү курал-жарактар жана акча каражаттары табылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды», — деп билдиришти милициядан.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды 0500 151 111 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>