Сузакта 8 гектар жерди мыйзамсыз саткан эки мамкызматкер кармалды

Сузакта 8 гектар жерди мыйзамсыз саткан эки мамкызматкер кармалды

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

«Жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мекемесинин Сузак району боюнча кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды чыгарып беришкен. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын учурдагы директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж. тарабынан берилгени аныкталды. Алар айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтирилген. Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилип, тиешелүү иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>