Жарандын «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алган шектүү кармалды

Жарандын  «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алган шектүү кармалды

Опузалап талап кылууга шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүүнү ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кармаган.

«Кылмыш иши 2019-жылы (опузалап талап кылуу) беренеси менен козголгон. Милицияга Араван районунун жашоочусу кайрылып, ага карата жасалган кылмыш иши боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Тергөөдө аныкталгандай, жабырлануучуну 2019-жылдын күз айында белгисиз адамдар сабап «Мерседес-Бенц»  унаасын тартып алышкан. Бул факты боюнча күнөлүүлөрдү аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кылмыш ишине тиешеси бир нече жарандар кармалып, сот жообуна тартылган. Шектүүлөрдүн бири изин жашырып кетип, 2020-жылы издөөгө алынган», — деп жазылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.уулу С. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Араван РИИБине жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>