Бишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду
Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 орун бөлүндү
06.05.2024 | 09:42
Кытай, Пакистан, Өзбекстан жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Ошондой эле 2024-жылдын 27-июну саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Толугураак маалымат – https://edu.gov.kg/posts/2892/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом