Кыргызстанда студенттерге стипендия төлөп, авиакаттамдарын каржылоо сунушталуудаКыргызстандагы оң өзгөрүүлөр үчүн Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан сыйландыЖапаров Путинди Орусиянын Мамлекеттик Думасына өткөн ийгиликтүү шайлоо менен куттуктадыКыргызстанда бизнести өз объектилеринин аймагын жашылдандырууга милдеттендирүү сунушталууда22-сентябрь: өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтөтКыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдө
Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 орун бөлүндү
06.05.2024 | 09:42
Кытай, Пакистан, Өзбекстан жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Ошондой эле 2024-жылдын 27-июну саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Толугураак маалымат – https://edu.gov.kg/posts/2892/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом