22-сентябрь: өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтөтКыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалды
Былтыр Майлуу-Суу лампа заводунун чыгашасы 58,7 млн сомду түздү
06.05.2024 | 09:00
Майлуу-Суу лампа заводу 2023-жылды 58 млн 790,9 миң сом чыгаша менен жыйынтыктады. Бул маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги ырастаганын “Акчабар” каржы порталы жазды.
Агенттик билдиргендей, завод стратегиялык объект болгондуктан, аны чыгашадан чыгаруу үчүн ишканага жаңы заманбап технологияларды киргизүү пландалууда.
Мамлекеттин ээлигиндеги бул завод электр лампанын 80ден ашык түрүн чыгарат. Учурда анда 1 миң 400дөй адам эмгектенет.
Рубрики: Коом