Быйыл Евробиримдик Кыргызстанга 11 млн долларлык эки грант берет. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, анын ичинен 3,3 млн доллар же 293,7 млн сом санариптештирүү секторун реформалоо программасынын алкагында берилери күтүлүүдө. Ал Кыргызстанга колдоо көрсөтүү жана 2019-2023-жылдарга республиканы санариптештирүү жана трансформациялоо концепциясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
Ошондой эле, мектептик билим берүүнү реформалоонун алкагында Кыргызстан дагы 7,7 миллион доллар алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз