«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам биринчи окууда жактырылды

«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору президенттин мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын айтты.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов Курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин айтып, кайра-кайра жыйын өткөрүүгө зарылчылык жок экенин белгиледи.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева Курултай бийликтин кайсы бутагына кирерине кызыкты.

Өз кезегинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай бийликтин үч бутагынын бирөөсүнө да кирбей тургандыгын жана өзүнчө бийлик бутагы катары да эсептелбестигин билдирди.

Андан тышкары, депутат Эмил Токтошев Курултайдын ыйгарым укуктарына токтолду.

«Улуттук маданиятты өнүктүрүү туурасында да жазылып турат. Анда Маданият министрлиги эмне жумуш кылат? Андыктан ыйгарым укуктарын дагы бир жолу карап, эки жылда бир эле чогулгудай ченем киргизүү кажет», – деди ал.

Ошондой эле, депутат Мирлан Самыйкожо акыркы Курултайда көтөрүлгөн маселелердин канчасы чечилип, канчасы аткарылгандыгын анализдеген материалды кийинки жыйынга алып келип тааныштырууну талап кылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, концепциясы жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>