Фейсбукка «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун маалыматын тараткандар кармалды

10.12.2021 | 11:18

Нарын шаарында «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 8-декабрда Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү, “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУга таандык фотоматериалдарды тараткан  уюмдун активдүү мүчөсү  “Т.у.Б.” кармалды. Тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

[image_carousel source=”media: 113915,113914,113913,113912,113911,113910″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top