Бишкек бийлигинде бир каттын айынан чуу чыкты

Бишкек бийлигинде бир каттын айынан чуу чыкты

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Миргазы Исаков Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына “вице-мэрлер жана кызмат жетекчилери мындан ары БШКнын депутаттык комиссиясынын жыйындарына жана комиссияларына бара алышпайт” деген кат жөнөткөн. Бул катка бүгүн дээрлик депутаттардын баардыгы нааразы болуп, бүгүнкү жыйын чууга айланды.

Аппарат жетекчиси Миргазы Исаковго кайрылып, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматовго кайрылып бул каттын логикасын түшүндүрүп бересизби деп суроо салды. Ал эми Исаков «катты жакшылап окусаңыздар, бул кат жөн гана формалдуулук. Мыйзамдарда каралган эле жагдайлар» — деп жооп кайтарды.

Ал ортодо Бишкек мэри Айбек Жунушалиев болсо, бул кат менен оозеки мени менен макулдашуу болгонун, бул каттан кабары болгонуна токтолуп, “биз сиздер менен ынтымакта гана иш алып баргыбыз келет. Эч кандай пиар менен алектенген жокпуз” – деп айтты.

Ал эми депутат Рысбай Аматов “депутаттар менен биргеликте кеңешип, ар бир маселени тактап, кеңешип алып тезирээктен иш алып баруу жолу эң эффективдүү жол. Ошондо шаардагы көйгөйлөр, маселелер чечилет, бул башаламандык, бул каттын логикасына такыр түшүнө албай турам” – деп нааразылыгын билдирди.

Негизинен депутаттардын жыйындарына жергиликтүү бийликтин кайсы гана өкүлү болбосун керектүү кезинде катышы керек, депутаттардын укуктарын чектеп, бийликти чектеп жатасыңар деген кине депутаттар тарабынан коюлууда.

Ушул тапта деле Бишкек мэриясы менен депутаттары бир пикирге келише элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>