«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Февралда мигранттар Кыргызстанга 187 млн доллар которгон
19.04.2022 | 16:50
Февраль айында мигранттар Кыргызстанга 187,6 миллион доллар которгон, бул бир ай мурдагыга караганда 10,5 миллион долларга көп. Мындай маалыматты Улуттук банк берет.
Жалпысынан январь-февраль айларында мигранттар өлкөгө 364,7 миллион доллар которгон. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 36,1 миллион долларга көп. Акча которуулардын 97 пайыздан ашыгы Орусияга туура келет — 354,08 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 1,76 миллион доллар, АКШдан 7,5 миллион доллар которулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика