Финляндиянын Леви дарыясынын жээгинде бак-дарактарды кучактоо боюнча чемпионат өттү. Катышуучулар үч категория боюнча ат салышты:
- ылдамдыкта кучакташуу, (бир мүнөттө мүмкүн болушунча көп карагай менен кайыңды кучактоо керек),
- берилип кучактоо (60 секунддан кем эмес чын ыкластан кучакташуу),
- фристайл, (чыгармачылык менен кучакташуу)
Бак кучактоо боюнча быйылкы чемпион Хельсинкиден Ани Ланкила болду. Ал мелдешке күрөң аюунун кийимин кийип келген. Эми Леви лыжа базасында бир жума бекер эс алат.
— Мындай сынактан кийин кандай сезимде болосуз?
— Мен өзүмдү сонун сезип жатам. Жагымдуу жана күтүүсүз болду. Бүгүн абдан салкын болду. Кел, кийинки жылы аракет кыл.
-Дарактарды кучактап жүрө бересизби?
— Албетте, улантам. Мен күн сайын жаратылышта болом. Балким, мен айланадагы бак-дарактарды башка көз менен карай баштайм.
Бак-дарактарды кучактоо боюнча биринчиликти өткөрүү идеясы 2020-жылы пандемия учурунда жергиликтүү токойго ээлик кылган ХалиПуу уюмуна келген. Табият менен байланышуу маанайды жакшыртат жана стрессти азайтат дешет алар.
Быйыл сынак үчүнчү жолу өткөрүлдү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда