Финляндияда дарак кучактоо боюнча чемпионат өттү

Финляндияда дарак кучактоо боюнча чемпионат өттү

Финляндиянын Леви дарыясынын жээгинде бак-дарактарды кучактоо боюнча чемпионат өттү. Катышуучулар үч категория боюнча ат салышты:

  • ылдамдыкта кучакташуу, (бир мүнөттө мүмкүн болушунча көп карагай менен кайыңды кучактоо керек),
  • берилип кучактоо (60 секунддан кем эмес чын ыкластан кучакташуу),
  • фристайл, (чыгармачылык менен кучакташуу)

Бак кучактоо боюнча быйылкы чемпион Хельсинкиден Ани Ланкила болду. Ал мелдешке күрөң аюунун кийимин кийип келген.  Эми Леви лыжа базасында бир жума бекер эс алат.

— Мындай сынактан кийин кандай сезимде болосуз?

— Мен өзүмдү сонун сезип жатам. Жагымдуу жана күтүүсүз болду.  Бүгүн абдан салкын болду. Кел, кийинки жылы аракет кыл.

-Дарактарды кучактап жүрө бересизби?

— Албетте, улантам. Мен күн сайын жаратылышта болом. Балким, мен айланадагы бак-дарактарды башка көз менен карай баштайм.

Бак-дарактарды кучактоо боюнча биринчиликти өткөрүү идеясы 2020-жылы пандемия учурунда жергиликтүү токойго ээлик кылган ХалиПуу уюмуна келген. Табият менен байланышуу маанайды жакшыртат жана стрессти азайтат дешет алар.

Быйыл сынак үчүнчү жолу өткөрүлдү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>