19-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндө токтоп турган «Фольксваген Таурег» унаасын айдай качкан. Милиция кызматкерлери шектүү катары 2001-жылы туулган Е.В.ны кармады. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ушул тапта жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.