Грузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБалетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлат
COVID-19: Британия Кыргызстанды коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди
20.09.2021 | 13:06
Улуу Британия бийлиги жарандарына Кыргызстанга барууга уруксат берди. Мындай чечимди 17-сентябрда британ Тышкы иштер министрлиги кабыл алып, Кыргызстанды коронавирус пандемиясынан улам барууга кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганы расмий сайтына жарыяланды.
Кыргызстан Британиянын эпидемиологиялык кооптуу өлкөлөр тизмесинен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.
Британ бийлиги кыргызстандыктар үчүн да айрым чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алган кыргыз жарандары Англияга барганда тест тапшырбай жана карантинде отурбай эле койсо болот.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар