ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Футбол: Англия Иранды утту
21.11.2022 | 22:00
Англиялык футболчулар 2022-жылы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын биринчи айлампасында Ирандын курама командасын 6:2 эсебинде жеңип алышты.
Кийинки турда британиялыктар АКШ командасы менен, ал эми ирандыктар Уэльс курамасы менен беттешет. Эки беттеш тең 25-ноябрда өтөт.
Буга чейин ирандык футболчулар Англияга каршы дүйнөлүк чемпионаттын алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартып, өлкөдөгү демонстранттардын курмандыктарын колдоп чыгышкан. Иранда нааразылык акциялары сентябрда хиджаб кийгени үчүн бийлик тарабынан кармалган студент Махса Амини каза болгондон кийин башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар