Футбол: Лионель Месси карьерасын жыйынтыктаганы турат

Футбол: Лионель Месси карьерасын жыйынтыктаганы турат

Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси өзүнүн физикалык абалы (оюнчу жаракатынан улам көп убакыт жекече машыккан), дүйнө чемпионатына кандай даярдангандыгы тууралуу айтып, ошондой эле Катардагы дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркысы оюн болорун championat.com сайты жазды.

«Мен өзүмдү физикалык жактан жакшы сезип жатам, командага эң сонун физикалык формада кайттым. Жабыркагандан кийин жекече машыгып жаттым, бирок өзгөчө эч нерсе болгон жок. Бул дүйнө чемпионаты баарынан айырмаланып турат, командалар дээрлик даярдыксыз келишти. Дүйнөлүк чемпионат башталганга чейин канчалык көп ойногон сайын, өзүмдү ошончолук жакшы сезип жаттым. Өзгөчө эч нерсе кылган жокмун, жөн гана карьерамды бүтүргөндөй эле өзүмө кам көрдүм. Бул менин акыркы Дүйнө чемпиондугум жана бул улуу кыялымды ишке ашыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк”, — деди Месси.

Лионель Месси — аргентиналык футболчу, испаниялык «Барселона» клубунун капитаны, 2011-жылдан бери Аргентина курама командасынын капитаны. Чабуулчу болуп ойнойт. Месси Барселона менен Аргентинанын тарыхындагы эң мыкты бомбардир. Барселона менен Месси он Испания чемпиондугун, төрт УЕФА Чемпиондор Лигасын, алты Испания Кубогун, сегиз Испаниянын Суперкубогун, үч жолу Европанын Суперкубогун жана үч жолу Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун уткан. Улуттук курама команданын курамында Месси 2008-жылы Олимпиада чемпиону жана 2014-жылы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. Карьерасында Месси жети жолу Алтын топту жеңип алган – жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>