Футбол: Кыргызстандын чемпион кыздар командасы аныкталды

05.11.2022 | 16:29

Бишкектин “Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Финалдык этапта Бишкек шаарынын командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады. Ал эми Оштун “Каганат” командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга илинди.

Сыйлоо аземинде медалды жана кубокту Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол ассоциациясынын өкүлү Эркин Нариев тапшырышты.

Ошондой эле төмөнкү оюнчулар өзгөчө сыйлык алышты:

Мыкты дарбазачы – Виолетта Дудочкина (Алга);

Мыкты коргоочу – Фатима Тургунбаева (Каганат);

Мыкты жарым коргоочу – Кымбат Өмүрбекова (Ысык-Көл);

Мыкты чабуулчу – Махабат Дайырбекова (Юность);

Бомбардир – Медина Рысбекова (Ысык-Көл);

Мыкты оюнчу – Нурсулуу Мурзакулова (Алга);

Мыкты машыктыруучу – Диана Черепанова (Каганат).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top