Гапыр Мадаминов Бишкекте өз тажрыйбасы менен бөлүштү

24.04.2023 | 13:25

Бишкек шаарынын №14 орто мектебинде Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, “Ата-энелер мектебинин” негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, “Өз билимин өркүндөтүү боюнча эффективдүү ыкмалар” аттуу теманын алкагында өткөн жолугушууга мугалимдер жана ата-энелер дагы катышты.

“Жолугушуу ар бир ата-эне жана мугалимге терең таасирин тийгизип, айрым ата-энелер жолугушуу пайдалуу жана маанилүү болгондугун айтышып, Гапыр агайга терең ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле энелер мектеби ачылып, окутулсун деген сунуштар  айтылды”,  – дешти уюштуруучулар.

Жолугушуунун соңунда мугалимдер менен ата-энелер Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгек маданияты”, “Ата-энелер үчүн кеңеш”, “Асыл инсандык сапат” жана башка китептерин автордун колунан алышты.

Гапыр Мадаминов Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими. Буга чейин кинорежиссер Руслан Акун Гапыр Мадаминов тууралуу «Агай» сериалын тарткан.

[image_carousel source=”media: 187156,187157,187158,187159″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top