Гапыр Мадаминов Бишкекте өз тажрыйбасы менен бөлүштү

Гапыр Мадаминов Бишкекте өз тажрыйбасы менен бөлүштү

Бишкек шаарынын №14 орто мектебинде Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, «Ата-энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, «Өз билимин өркүндөтүү боюнча эффективдүү ыкмалар» аттуу теманын алкагында өткөн жолугушууга мугалимдер жана ата-энелер дагы катышты.

“Жолугушуу ар бир ата-эне жана мугалимге терең таасирин тийгизип, айрым ата-энелер жолугушуу пайдалуу жана маанилүү болгондугун айтышып, Гапыр агайга терең ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле энелер мектеби ачылып, окутулсун деген сунуштар  айтылды”,  — дешти уюштуруучулар.

Жолугушуунун соңунда мугалимдер менен ата-энелер Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгек маданияты», «Ата-энелер үчүн кеңеш», «Асыл инсандык сапат» жана башка китептерин автордун колунан алышты.

Гапыр Мадаминов Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими. Буга чейин кинорежиссер Руслан Акун Гапыр Мадаминов тууралуу «Агай» сериалын тарткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>