Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, бир нече жаран «Манас» ордени менен сыйланды:
II даражадагы «Манас» ордени менен:
Базаров Геннадий Садырович — «Кыргызтелефильм» чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссеру, сценаристи;
Плоских Владимир Михайлович — Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун башкы илимий кызматкери;
III даражадагы «Манас» ордени менен:
Алышукуров Жолдошбек — Нарын облусунун Жумгал районундагы «Топоз-Бизон» айыл чарба мал чарбачылык кооперативинин башчысы;
Бедияров Арзыбек Абдуллаевич — композитор, Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисти, «Гүлгүн жаш» элдик-эстрадалык-фольклордук тобунун жетекчиси;
Нурунбетов Балтахун Аттокурович — А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы;