Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек ШИИББине Н.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 10-ноябрында саат 18:00 чамасында Сагындыков көчөсүндө белгисиз адамдар анын эркине каршы физикалык күч колдонуп, аны HondaFit унаасына отургузган. Алар аны Аламүдүн районунун «Кара-Жыгач» айылына алып барып, коркутуу жолу менен 2 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. Арыз ээси аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу, эски редакция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин, Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери, ИИМдин атайын багыттагы отряддары менен бирдикте 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалган. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кошумчалай кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү мурда бир нече жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>