Геология агенттиги мыйзамсыз ишке барган эмес

Геология агенттиги мыйзамсыз ишке барган эмес

Жаран Токтосун Жамаловдун Геология агенттиги боюнча айткандары чындыкка дал келбейт.
Социалдык түйүндөргө жаран Токтосун Жамалов  Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору мыйзамсыз аракеттерди кылууда деп каралаган. Бирок анын айткандары чындыкка дал келбейт. Бул туурасында аталган агенттикттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Геология агенттигинин жетекчиси көмүр кенин иштетүүгө буга чейин уруксат алган «Уу таш» ЖЧКсынын лицензиясын «Ысман тоо» ЖЧКсына мыйзамсыз өткөрүп берген. Бирок Геология агенттиги жогоруда аты аталган жаран коомчулукка такталганбаган маалымат таратуу менен элдин башын айландырып жатканын билдирет.

«Уу таш» ЖЧКсынын лицензиясы «Ысман тоо» ЖЧКсына агенттиктин директору эмес, лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын чечими менен өткөрүлүп берилет. Бул көз карандысыз жана мекемелер аралык комиссия экенин эске салабыз.

Тактоо үчүн: «Уу таш» ЖЧКсынын директору өзү комиссияга арыз менен кайрылып, лицензияны «Ысман тоо» ЖЧКсына өткөрүп берүүнү өтүнгөн. «Уу таш» ишканасынын директорунун берген арызын лицензиялоо маселелери боюнча комиссия карап чыгып, арызды канааттандырган. Анткени лицензияны бир компаниядан экинчи ишканага директордун арызынын жана компаниялардын жетекчилеринин макулдашуусу менен өткөрүп берүү мыйзамда каралган.

Белгилей кетсек, «Уу таш» ЖЧКсынын директорун көмүр кени боюнча буга чейин алган лицензиясын «Ысман тоо» ЖЧКсына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызы Геология агенттигинин архивинде сакталуу.

Геология агенттиги боюнча коомчулукка жалган маалымат тараткан Токтосун Жамаловдун ар намысыбызга шек келтирген маалыматты төгүнгө чыгаруусун талап кылабыз. Жана бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылаарыбызды эске салабыз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>