Индияда боюнда бар кыргыз кызын өлтүрүп кетти

Индияда боюнда бар кыргыз кызын өлтүрүп кетти

Кыргызстандык 28 жаштагы 5 айлык боюнда бар Мыскал Жумабаеваны Индиядан бычактап кетишти. Бул туурасында indianexpress.com маалымат сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя Дели шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы Какаджи районунда болгон.  Анын баласы Манас экөөнү  өлтүрүп кеткен. Калгандары бычактан жараат алып досторунун үйүнө качкан. Бул иш боюнча жергиликтүү полиция каттоого алып, учурда түрдүү божомолдорду таап жатышат.

Полициянын маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү Мыскал күйөөсү Вина Чаухан менен кыжылдаша кетет. Андан соң үйүнөн чыгып кетет да Вахид аттуу досуна жолугат. Мыскал өзбекстандык досу Матлюба Мадусмоновага чалып ичи ооруп жатканын кабарлайт, ал бейтапканада иштеген досу Авишишке алып барат. Андан соң Матлюба Мыскалды үйүнө жеткирген. Ал маалда үйүндө уулу менен Калкадж болгон. Эртең менен эле каза болгону билинген.

Полиция кан жалаган бычакты тапкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>