Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Азия чемпионаты: Акылбек Талантбеков алтын медаль утту – видео
10.04.2023 | 21:09
Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Казакстанда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Талантбеков Индия, Иран, Казакстандын спортчуларын катары менен жеңип, алтын медалга татыды.
Турнир ушул тапта Астанада өтүп жатат.
Финалдык беттеште кыргызстандык балбан Казакстандын спортчусун 3:2 эсебинде жеңип алды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги алтынчы медаль болду – 3 алтын жана 3 коло.
Талантбеков 82 кг чейин салмак ченинде күрөштү. 1/4 финал да Рохит Дахия (Индия) – 7:1 эсеби менен жеңип, 1/2 финалда болсо Алиреза Мохмадипиани (Иран) – 8:0 эсебинде утту. Ал эми финалдык беттеште Диас Кален (Казакстан) – 3:2 эсебинде жеңди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт