Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Жол кайгуулчулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда
10.04.2023 | 20:17
Орозо күнүндө жарандарыбыз ооз ачууга эртерээк жетишсин деп кызматкерлер жол тыгындарынын алдын алууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кызматкерлер жол тыгындарынын алдын алуу максатында көчөлөрдүн кесилиштеринде иш алып барууда. Айрыкча орозо күнүндө ооз ачууга шашып бара жаткан жарандар үчүн жолдорду тазалап турушууда. Ошондой эле тамактануучу жайлардын айланасындагы туура эмес токтоп турган авто унааларды тартипке салууда. Жаандын жааганына карабастан кызмат алып бара жаткан кызматкерлерге жарандарыбыз рахматын айтып ыраазычылыган билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом