Гумжардам алуу үчүн байланыш номурлар айтылды

Гумжардам алуу үчүн байланыш номурлар айтылды

Бишкек шаардык мэриясы көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Илдеттен улам кыйын абалда болгон жарандарга муниципалитет, ишкерлер жана кайрымдуулук фонддор биргелешип жардам көрсөтүүдө.

«26-июнга карата Бишкек шаарынын төрт районунан 131 миң 486 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Гуманитардык жардам жеткирүү улантылууда», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Гуманитардык жардам алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылуу керек. Ал эми арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 0 (312) 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 0 (312) 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 0 (312) 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 0 (312) 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Мэриянын ыктыярчылар штабы: 0551 573989.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>