Гурбангулы Бердымухамедов Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барды

Гурбангулы Бердымухамедов Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барды

Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кечээ, 22-апрелде, анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Аларды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев  тосуп алып, комплекстин аймагында кыскача экскурсия жасатып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди.

Андан соң расмий эмес кечки тамак болду.

Ардактуу коноктор борбордун аймагында сейилдөө учурунда улуттук музыкалык аспап формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга комуз чертүү чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко кыргыздын музыкалык маданиятынын символу болгон комузду тартуу кылды.

Ардактуу конокко куурма чайдан ооз тийгизилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>