БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Хабиб Нурмагомедов Бишкекте турнир өткөрөт. Кимдер беттешет?
26.07.2022 | 13:04
Хабиб Нурмагомедовдун мушташ уюму “Eagle Fighting Championship” Кыргызстанда кайрадан ММА боюнча турнир өткөрөт.
Маалым болгондой, “Eagle FC 49” турнири 10-августта Бишкекте өтөт.
Турнирдин коноктору – UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана “Хасбик” каймана аты менен таанымал, дагестандык блогер Хасбулла.
Турнирде орто жеңил салмак боюнча “Алай” аты менен таанымал Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык “Ахиллес” Расул Магомедов таймашат. Беттеш «Бишкек Аренада» саат 18:00дө башталат.
Билеттер www.kassir.kg сайтында сатыкта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом