“Ханституция”. Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

“Ханституция”. Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлуп, 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына жарыяланды. “Элдин талабы менен сунушталып жатканы” айтылган жаңы Баш мыйзамга 80ден ашык депутат демилгечи болуп көрсөтүлгөн.

Конституциянын долбоорунда Элдик Курултай институтун киргизүү сунушталган. Элдик Курултай элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органы болот.

Элдик Курултай өз ишин Президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

Ал эми Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт жана 5 жылга шайланат, бирок 2 мөөнөттөн ашык эмес.

Өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөлөт. Президент Өкмөттүн башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындоосун карайт. Бул дайындоолор Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.  

Президент өзүнүн демилгеси же Элдик Курултайдын сунушу боюнча министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын бошото алат.

Президент ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда анын ыйгарым укуктарын жаңы президент дайындалганга чейин Өкмөт башчысы аткарат. 

Президенттин ыйгарым укуктарын Өкмөттүн башчысы аткаруу мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы жүргүзөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын санын 90го азайтуу жана  5 жылга шайлоого сунуш киргизилген.

Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Өкмөттүн түзүмү жана курамы Президент тарабынан аныкталат.

Президент Өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.

Конституциялык палатаны Жогорку соттун курамынан чыгарып, аны Конституцияда жана конституциялык мыйзамда аныкталган компетенциясы менен Конституциялык сотко түзүү сунушталат.

Мында Конституциялык соттун ыйгарым укуктарына кошумча төмөнкүлөр таандык кылынат: Президенттин,  Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун суроо-талабы боюнча Конституцияны кароо жана расмий чечмелөө, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы  компетенциялар жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү, ошондой эле Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө  корутунду берүү.

Конституциянын жаңы долбоору менен бул жерден толук таанышууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>