Хостелдеги мушташ. Кармалган үч чет өлкөлүк кыргыз элинен кечирим сурады (видео)

Хостелдеги мушташ. Кармалган үч чет өлкөлүк кыргыз элинен кечирим сурады (видео)

Бишкекте чет элдик жарандардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгон массалык мушташтан кийин кармалган үч чет өлкөлүк жаран кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирип, кечирим сурагандардын видеосу менен бөлүштү.

Милициядан белгилешкендей, «бейбаштыкка» шектелип кармалган чет өлкөнүн үч жараны күнөөсүн түшүнүп, мойнуна алды.

Эскерте кетсек, 13-майда Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.

Аталган окуяга байланыштуу 17-майда кечинде 200-300дөй адам мушташ болуп өткөн хостел жакка топтолгон. Ага байланыштуу жерине милиция кызматкерлери тартылган. Укук коргоо органдары чогулгандардын арасынан албууттангандарды кармап кеткени белгилүү. Түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бир бөлүгү кое берилгени айтылууда.

Азыркы тапта топтолгон адамдардын көпчүлүк бөлүгүн милиция таратып жибергени кабарланууда.

Чет элдиктердин катышуусундагы мушташ. Үч шектүү кармалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>