Улуттук банк бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу улуттук банктан билдиришти.
“Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт.
Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз