Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматынан кадамдык нускамаБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Осло-2021: Айсулуу Тыныбекова япониялык балбанды жеңди
04.10.2021 | 16:13
Кыргызстандык балбан 62 кг салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алгачкы атаандашын жеңди. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында кабарланды.
Ал 1/8 финалында япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп, мелдештин чейрек финалына чыкты.
1/4 финалда Айсулуу Тыныбекова Беларусиянын спортчусу Вераника Иванова менен кез келет.
Айсулуу Тыныбекова Японияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси.
Мелдеш Норвегиянын борбору Осло шаарында 2-10-октябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан 15 балбан барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт