“Бирге” партиясынын мүчөсү авариядан каза тапканы тастыкталды

“Бирге” партиясынын мүчөсү авариядан каза тапканы тастыкталды

Жол кырсыктан “Бирге” партиясынын  мүчөсү 35 жаштагы Кубан Сокушбаев каза тапты. Бул маалыматты аталган партиядан Reporter.kg′ге тастыктады.

Чүй милициясы 3-октябрь түнү Токмок шаарынын Совет жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota RAV4” жана «Мазда» унаалары сүзүшүп, 7 киши ар түрдүү жараат алып, бир аял, бир эркек каза тапкан. Сокушбаев “Toyota RAV4” унаасында болгон.

Социалдык тармактарда “Toyota RAV4” унаасы президенттин администрациясына катталган  деген күбөлүк табылганы айтылып, сүрөтү чыккан. Балким, ал өлкө башчынын протоколдук кызматынын кызматкери унааны башкарып бара жаткан деген маалыматтар кабарланган.

Ал эми президенттин басма сөз кызматы болсо атайын күбөлүктүн таржымалын тактап берди.

“Мындай күбөлүктөр 2021-жылдын 28-январь күнү Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде гана берилген. Ал ошол күнү гана колдонулууга жарактуу болчу. Анткени, Бишкектин айрым көчөлөрү аземге карата жабылгандыктан тезирээк өтүп кетүүгө уруксаат берилген. Бирок, ант берүү аземиндеги мындай жолдорду жабуу болбой калгандыктан,  иш жүзүндө бул күбөлүк колдонулбай калган.”

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>