Президент Садыр Жапаров журналисттин “фейсбуктагы баракчаңызды ким башкарат” деген суроосуна жооп берди.
“Фейсбуктагы баракчамды өзүм эле башкарам. Бирок, пароль, пин коддору жардамчыларымда бар. Кээде алар материалдарды салып жибериши мүмкүн, ошону кээде “бөлүшпөгүлө, материал салбагыла, өзүм карайм» деп токтотуп коём”- деди.
Бишкекте журналисттер үчүн президент Садыр Жапаров пресс-конференция өткөрүүдө.