Садыр Жапаров эмне себептен планшет колдоноорун айтты

Садыр Жапаров эмне себептен планшет колдоноорун айтты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында эмне үчүн калем сап, кагаз эмес,  планшетти артык көрүп колдонуп  жүрөсүз деген суроого жооп берди.

Өлкө башчысы 2010 -жылдан бери планшет колдонуп келе жатам,  10 тонна кагазга баткан маалымат бир планшетке бата турганын билдирди.

«Мени сындагандын ордуна планшетке өтүңүздөр, эгерде өтө элек журналисттер болсо, бирок, сиздер журналисттер, эбак өткөнсүздөр да. Баары ушул планшетте,  социалдык тармактан сыналгы да, “YouTube” каналдар да, дүйнөл теле каналдардын баары ушул жерде. Кагазды карагандан көрө ушул жакшы да. Кагазга чыгым болбосун биринчиден, андан кийин докладың каалаган маалда оңдоп аласың, тексттериңди алчу жерин алып, кошчу жерин кошуп аласың. Мени шылдыңдап жаткандарга айтаар элем, менден бери дегенде 16 жыл артта калдыңар деп», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>