Президент: Элибиз тынч уктасын деп курал-жарактарды күчтөндүрүүдөбүз

Президент: Элибиз тынч уктасын деп курал-жарактарды күчтөндүрүүдөбүз

Кыргызстан аскердик техника, курал-жарактарын күчтөп жатат. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров Бишккете өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматына зооттолгон аскер техникасы алынган. Түркия жана Орусия мамлекетинен аскердик дрондор алынат. Бузулуп калган тик учак, БТР, танк сыяктуу аскердик техникалардын баары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Кыргызстандын тарыхында 100 млн долларга аскердик техникаларды сатып алууга акча бөлүнгөн. Буга чейин 1 млн долларга мындай аскерди каражаттар алынган эмес экен.

“29-апрелде кагылышуу болгондо асманга учуп чыга турган тик учагыбыз жок эле, бир да истребителибиз жок эле, танка, БТРлербиздин көпчүлүгү жүрбөйт экен,  муну жашырганда эмне? Азыр биздин абалды дүйнө державаларынан тарта, коңшу өлкөлөргө чейин баары билишет. Учурда бузулган аскер техникалабыз толугу менен жүрүп жатат. Аскер техникаларын, дрондордун баарын бюджеттен алып жатабыз. Элибиз тынч уктасын деп, коопсчуздук үчүн курал-жарактарды күчтөндүрүүдөбүз!” – деди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>