Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Президент прокуратурага тоо-кенге берилген лицензияларды текшерүүнү тапшырды
26.11.2021 | 11:18
Бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда президент Садыр Жапаров тоо-кен тармагындагы аудиттин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратурага текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.
Президенттин айтымында, анын тапшырмасы менен кендерге лицензия берүү боюнча аудит жүргүзүлгөн.
«20 лицензияга ээ болгондор бар. Чет элдиктердин арасынан сатып алуучуну купуя издеп отурушат. Кымбат баалуу металл, көмүр, темирге лицензиялар бар”,-деди мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы эки айдын ичинде энергетика тармагын текшерүүнү тапшырды.
«Айрым абоненттердин карыздарын негизсиз жоюу фактылары бар. Мисалы, абонент бар, бирок ал жерде анын үйү курула элек, фундаменти гана бар, ага миллиондогон акчалар эсептелип чыгарылууда», – деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат