Акылбек Жапаров: Битир-садакага чейин шайлоого кирип кеткен

Акылбек Жапаров: Битир-садакага чейин шайлоого кирип кеткен

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мурдагы шайлоолор кандай өткөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтып берди.

30 жылдан бери шайлоо процесттери админресурстарды колдонуу боюнча гүлдө деңгээлине жеткенин эч ким тана албайт. Админресурс  Советтер Союзунан калган өнөкөт оору. Анын кесепетинен ачык соодалар жүрүп келди. Бийлик сыр бербегени менен админстративдик ресурс гүлдөгөн.  Мыйзам такыр аткарылган эмес. Ошол аймактан чыккан мамлекеттик кызматкерлерди ошол аймакка жөнөтүшкөн. Мамлекеттик каражаттарды бирөөнүн пайдасына жумшоо, шайлоого жумшалган каражаттарды башкаларга буруу аракеттери болгон. Массалык түрдө пропискаларды  тургузуулар болгон. Студенттерди, жоокерлерди, күч түзүмдүн кызматкерлерин  мажбурлап салдырышкан. Мугалимдерди, окутуучуларды, медицина кызматкерлерин шайлоого каалаганындай иштетишкен. Бийликтин артыкчылык берген партияларына тынымсыз үгүт иштерин жүргүзүп турушкан. Жадакалса аркыркы шайлоолордо бюджеттик мекемелерде иштегендин добуштарын гана эмес алардын, айлыктарына битир-садакага чейин кирип, ал каражаттарды шайлоого жумшай башташкан. Ушул сыяктуу толгон-токой административдик ресурстарга жооп катары партиялардын добуш сатып алуусуна ачык эле алып келген” – деди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров азыркы бийлик бир да административдик ресурс колдонгон жок экенин белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>