Жогорку Кеңеште 4 вице-спикер болот. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, убактылуу комиссиянын төрагасы Султанбай Айжигитов парламенттик жыйында билдирди.
Ал, “комиссия кечээ түнкү 11ге чейин иш алып бардык. Башында 3 вице-спикер болсун деген сунушутар түшүп, андан соң 4 вице болсун деген чечимге келдик. Ошол эле маалда комитеттерди бөлүштүрдүк. 7 комитет болсун деп чечтик” –деди.
Кечээ Жогорку Кеңеш төрага кылып Талант Мамытовду тандаган. Бүгүн анын орун басарларын шайлап, андан соң гана ишке киришмей болду.